«Дүң баасы 45 сом экен». Депутат күйүүчү майга 18-20 сом кошуп сатып жатышканын айтып, нааразы болду

«Кечээ дүңүнөн бензин ташыган ишкерлер менен сүйлөштүм. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 45 сом экенин айтты». Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Азыр май куюучу жайларда 58 сомдон 62-65 сомго чейин сатылып жатат. Монополияга каршы агенттик каякты карап отурат? Мындай эч кандай болчу эмес. Мен да бензин менен иштегем. 3 сом кошуп сатчубуз. Азыр 18-20 сом кошуп сатып жатышат. Монополияга каршы агенттикти чакыралы. Бааны арзандатыш керек. Элге жеңил болмок. Биздин же өкмөттүн колунан келбесе, президент менен Камчыбек Ташиевге кайрылалы»,- деди ал.