Эч жерде иштебеген жарандар канча сом менен пенсияга чыгышат?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов эч жерде иштебеген жарандар канча сом менен пенсияга чыгышарына кызыкты. «Айтайын дегеним азыр Нарын, Ат-Башыда жумуш жок. Жумушсуздук күч. Өмүр бою дыйкан болгондор, мал баккандар пенсияга кандай чыгат?» — деди ал.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Аливдин айтымында, Соцфондго акча төлөп жүргөндөр гана чыга алат. «Эгер Соцфондго төлөбөсө, социалдык коргоодон жөлөк пул алат. Ал 2 миң сомго чейин», — деди.

Депутат: Ошондо чыкпай калабы?

Төрага: Муну «пособия» деп коет. 2 миң сомдой алат.