Эгерде адам бир учурда сасык тумоо жана коронавирус менен ооруса эмне болот? Дарыгердин жообу

Сасык тумоо вирусу жана коронавирус менен бир учурда ооруу респиратордук инфекциянын оор формаларынын өнүгүшүнө алып келет жана өлүм коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коркунуч тобундагы адамдарды: өнөкөт оорулары бар адамдарды, кош бойлуу аялдарды, медицина кызматкерлерин, көп ооруган балдарды эмдөө үчүн 134 миң доза сасык тумоого каршы вакцина сатып алынган. Учурда катуу кармаган вирустук сасык тумоо инфекциясынын сезону жана ага катар эле коронавирустук пандемия болуп жаткандыктан, профилактикалык иш-чараларды аткаруу керек: бет кап режимин сактоо, колдун гигиенасын сактоо, коомдук жайларда аралыкты сактоо.

Балдарда оорунун белгилери пайда болгондо дарыгерге кайрылып, ал толук айыкмайынча аны башкаларга алып чыкпоо керектиги эскертилди.