Abank
SerepTV Logo

Эжеге кат: «Ата-энем сизди ушул зомбулуктан куткарганда жашооңуз жакшы болот беле?"

Эжеге кат: «Ата-энем сизди ушул зомбулуктан куткарганда жашооңуз жакшы болот беле?"
«Сезим» борбору «Эжеме кат» аттуу рубрикага келген студент жаштардын каттарын жарыялайт. Бул ирет да Айганыш аттуу кыздын эжесине жазган каты жарыяланды. «Сезим» кризистик борборуна купуя түрүндө жөнөтүлгөн каттар СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине борбордун уруксаты менен чыгарылып турат. "Эже, биздин балалыгыбыз жылуу сезимдер менен эсте калды. Сиздин мектепти эң мыкты бүтүп, дүйнө жүзүн кыдырып, мугалим болуу кыялыңызды менден жакшы эч ким билбейт. Бирок кичинеңизде эле ата-энебиз бай тааныштарынын баласына кудалап койгонуна каршы чыга албай, макул болуп калдыңыз. Ошол убакта сиздин келечек кыялдарыңыз атам менен апамдын "Эл эмне дейт? Бизди уят кылып, жер караткың келип жатабы?" деген сөзү тагдырыңызды чечип койду. Эжем макул болгондо, мен "жок дегенде, жолдошу жакшы чыгабы?" деп ойлогом. Бир ишти жакшы кылбаган, анысын ачуусу менен жууган бузуку неме.  Үйгө келип, аялын аял дебей, баласын балам дебей сабаган зөөкүр неме. Биз сиздин үйгө качан барбайлы өңүңүз соолуп, күч кетип, арыктап, айтор, жашоонун кыйынчылыгын тартканыңызды көрөбүз. Апам дайыма "Кызым, күйөөңдүн сөзүнөн чыкпа, каяша сүйлөбө, сен аял кишисиң. Балдарың үчүн жаша" дейт. Эжемдин жүзүндө үмүт жок, гүлдөй соолуп калган. Жадыраган көздөрүңдөн мөлтүр жаш агып, токтоп калат. Ушул учурда апам сизди колдоп, бул зордук-зомбулуктан куткарганда, балким сиздин жашооңуз оңолот беле? Эми деле кеч эмес деп ойлойм.  Эже, ар дайым башкалардын көңүлү деп жүрүп, өмүрүңүз өтүп баратат. Апам капа болот, атам уят болот деген менен алар сиз тарткан азаптын бирин да көрүшкөн жок да. Алар сизди жакшы үй-бүлөгө барды деп жүрөт, бирок сиздин бирөөнүн алдында басынып, таяк жеп, ыйлап жүргөн кантип жакшы болсун? Колуңузда диплом бар эмес беле, ишке чыгыңыз, мен сизге жардам берүүгө даярмын", - деп сиңдиңиз Айганыш.