Екатеринбургдагы мигранттарды шылдыңдоо. Арасында 40 Кыргыз жараны болгонун ТИМден билдиришти

Укук коргоо органдары тарабынан 17-январда Екатеринбург шаарында жүргүзүлгөн рейддерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жергиликтүү полиция органдарына, Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жана курулуш объектилерине консулдук баруу жүргүзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Жыйынтыгында Екатеринбургдагы үч курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтерин текшерүү фактысы аныкталды. Кыргыз жарандары тарабынан миграциялык мыйзам бузуулар аныкталган эмес жана аларга карата Орусиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган эмес. Рейд болгон жерден массалык маалымат каражаттарына тараган кадрларда үч Кыргыз жараны тартылган. Биздин жарандардын айтымында, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу полиция тарабынан качкан чет элдик жарандарды кармоо, ошондой эле текшерилип жаткандардын эркин жүрүүсүнө чектөө чаралары көрүлгөн. Кыргыз жарандары укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы жазуу жүзүндөгү арыздан баш тартышты.
Ошол эле учурда Башкы консулдук Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары тарабынан эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандардын кадыр-баркына шек келтирген мындай ыкмаларды колдонуунун мыйзамдуулугун Орусиянын көзөмөл органы тарабынан текшерүүнү уюштуруу боюнча чараларды көрүүдө. Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова менен консультациялар жүргүзүлүп, ал укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейд боюнча текшерүүнү уюштурууга даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул факты боюнча Орусиянын федералдык органдарынын деңгээлинде териштирүү жүргүзүүнү демилгелейт, анын ичинде келечекте эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн Кыргыз жарандарына карата Россияда ушундай аракеттерге жол бербөө максатында.