«Эки көзүнө тең снаряддын чачырандысы кирген». Баткендеги чек арада 24 жаштагы Элдияр Төлөнов жаракат алды

Баткенде Тажикстандын кол салуусунан улам 24 жаштагы аскер Элдияр Төлөнов эки көзүнөн жаракат алды. Анын эки көзүнө тең снаряддын чачырандысы кирип кеткен.

Анын атасы уулунун учурдагы абалы тууралуу айтып берди. Элдиярдын бир көзүнө операция жасалган, ал эми экинчи көзүнүн абалы оор бойдон калууда. «Элдияр үй-бүлөдө жалгыз уул. 3 кызым бар. 16-сентябрда кызматын өтөп жүргөн. Ал ошол күнү курсак тушуна ок тийип, чачырандысы көзүнө кирген экен. Анын чачырандысы 3 миллиметрге кирип кеткенине байланыштуу операция оор болот деп жатышат. Эгер бул жактагы дарыгерлер жасай албаса, чет өлкөдө жасалат экен. Чыгымды өкмөт төлөп берет экен», — деди ал.