«Эки кызымдын бирөөсү донор болот». Ак канга чалдыккан 7 жаштагы Алиянага жардам керек

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 7 жаштагы Алияна Жумагулованын апасы кайрылып, кызы ак канга чалдыкканын айтып коомчулуктан жардам сурады.

«Кызым 5 жашынан бери ооруйт. Ак кан деген биринчи диагнозун 5 жашында коюшкан. Шаардагы ооруканадан бир жыл химиотерапия алып, айыгып чыкканбыз. Анан амбулатордук дарыланууга чыгып, ай сайын күрөө кан тамырынан жана ар 3 айда жүлүндөн анализ тапшырып жаттык. Бир жыл бою анализдери жакшы чыгып атты. Бирок үйдөн кургак химия иччүбүз. Быйыл кызым апрель айында «тишим ооруп атат» дегенинен онкологияга анализ тапшырганы барып, жаман анализдерди колго алдык. 95 пайыз денеге, 22 пайызы канга өтүп кетиптир. Тез арада жүлүндү алмаштыруу керек экен. Дарыгерлер акча чогулткула деди. Азыр кызым атасы экөө Стамбулдагы Гаси Осман Паша клиникасына барышты. Ал жактан биринчи жогорку дозадагы химиотерапиянын биринчи курс дарылануусун алышты. Химиясын алгыча аябай кыйналды. Эми экинчи жогорку дозадагы химиотерапияга даярдап жатышат. Аны алгандан кийин жүлүндү алмаштырышат экен. Донор болчу эки кичинекей кыздарым бар 2,5 жана 1,5 жашта. Ошол эки кызымдын бирөөсү донор болот. Эмки жумада анализдери чыгат кимиси болору билинет. Жалпы 130 миң доллар керек дешкен. Азыр 50 миң доллар чогулду. 80 миң доллар чогултуш керек. 1 ай убактыбыз бар.  Чоңдорго, фонддорго кайрылдык пайда чыккан жок», — деди апасы.

РЕКВИЗИТТЕР:
Мбанк, О! деньги +996500112589,+996708112589
KIСB: 9417019449316858 Элкард
Сбербанк: 427638010805449
Демир банк: 1180000238157539 KGS
1180000238157640 USD
1180000238157741 EUR