Нарын районуна Нарын-Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрө ачылып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Алгач көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жүргүзүлгөн. Андан соң, көпүрөнүн негизги конструкциясы чогултулуп, монтаждоо иштери аткарылган. Бүгүнкү күндө темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери орнотулуп, каттам берилди. Алдыда көпүрөнүн кирүү-чыгуу бөлүгүнө жол элементтерин коюу иштери аткарылат. Аталган аймакта ГЭС куруу пландалгандыктан, көпүрө убактылуу салынган.
13-августта аталган көпүрөдө КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1984-жылы туулган киши каза болгон.










