Корумду чокусунда изделип жаткан үч альпинисттин сөөгү табылганы айтылууда
Корумду чокусунун аймагынан тоого чыккан соң дайынсыз жоголгон үч альпинисттин сөөгү табылганы айтылды. Алдын ала маалымат боюнча, алар Беларустун жана Литванын жарандары болгон. Бул тууралуу «Орда» басылмасы жазды.
1-августта топ деңиз деңгээлинен 6612,5 метр бийиктиктеги чокуга чыккан. Топтун курамында 43 жаштагы Максим Полянский, Беларустун 60 жаштагы жараны Николай Свиридов жана Литванын 37 жаштагы жараны Сергей Рубцов болгон.
2-августта алар акыркы жолу байланышқа чыгышкан. Ал эми 4-августта аларды күтүп турган унаага келишкен эмес.
16-августта эртең менен тоо боорун дрон менен текшерүү учурунда кар-таш массасы көчкөн жер тартылып алынган. Видеодон буга чейин табылган буюмдардын жанынан адамдардын денелери байкалган.
Альпинисттердин ким экендигин тоодон түшүрүлгөндөн кийин гана так аныктоо мүмкүн болот.
«Жигиттердин сөөгү табылды, бирок алар азырынча тааныла элек. Ал жерде кар-муздун абалы өтө оор, рельефи да абдан татаал. Аларга эч ким түшүп бара алган эмес. Кырдаал дрон аркылуу аныкталды», — деп билдирди «Беларусь альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы» коомдук бирикмесинин төрагасы Александр Годлевский.
Кадрлардан альпинисттер бир арканга байланып, чогуу бара жатканы көрүнгөн. Ошондой эле болжол менен 5400 метр бийиктиктеги кырда жаңы үзүлүп түшкөн жер байкалган. Ал жерден ылдый карай альпинисттердин сөөгү табылган аймакка чейин из түшкөн.
Азырынча кырсык кандайча болгону тууралуу так маалымат жок.
Куткаруучулар дрондордон алынган материалдарды изилдөөнү улантып, сөөктөрдү тоодон түшүрүү операциясына даярданып жатышат.
Жаңыланган маалымат: Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди издөө иштери татаал шарттардан улам убактылуу токтотулганын, ал эми адамдардын сөөгү азырынча табылбаганын билдирген. 16-августта бут кийим табылган, ал альпинисттерге таандык болушу мүмкүн.
Буга чейин рюкзак, уктоочу баштык жана башка жеке буюмдар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, издөө иштеринин экинчи этабын августтун аягында же сентябрь айында өткөрүү пландалууда.