Эки-Нарын көпүрөсүнүн урашы: «Сөөгү табылбай калса, эмне кылат элем?» дейт апасы

Нарындагы көпүрө ураган кырсыктан улам жүк ташуучу унаа менен дарыяга түшүп, каза болгон айдоочу Азамат Асанбеков жакындарынын жүрөгүндө мээримдүү уул, камкор ата катары калды. Маркумдун энеси уулун көз жаш менен эскерди: «Уулум көпүрөдөн өткөнү мектеп бүтүп калсын деп, балдар үчүн макул болуптур. Көпүрө ураганда балам «жардам, аркан» деп кыйкырган экен». Маркумдун артында үч баласы жана энеси калды.

«Көпүрөдөн өтүп келдим. Кыйчылдап турат» деди. Мен «өтпөй эле койчу, ал эски көпүрө» дедим. «Апа, ал жерде мектеп салынып жатыптыр. Келишим түзүп алдым. Унаалар өтүп эле жатат» деди. Уулум мектеп үчүн макул болуптур. Эртеси эртең менен Бишкекке тойго кеттим. Келип чай ичип отурсак, кызым «Апа, Эки-Нарынга бир КамАЗ түшүп кетиптир» деди. Ал Азамат барганын билбейт да. «Азамат барып жаткан» деп эле бакырдым. Телефон чалсам эле албайт. Үйдөгүлөрдүн баары, туугандар да телефон албай коюшту. Кийинки уулумдун кызына чалсам эле алды. «Ал ооруканада, жолго чыга бересиңер го» деди. Түз эле ооруканага өтөлү дедик. Бирок мен сууга акканын билип эле турдум. Уулумдан айрылып калдык. Сөөгү табылса экен деп тиленип жаттык. 

Жанына дайыма уулун салып алчу. Ал күнү да жүрү дептир. Неберем барбай коюптур. Экөөнөн бирдей айрылсам эмне болот элем? Колуктусу экөө эки жолго түшүшкөн. Улуу баласы менде, экөө келинде. Келиним Орусияга иштеп кетиптир. Өлөр балам өлдү. Сөөгү табылганына кубандык», — деди апасы.