Экинчи ирет. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутат Айсулуу Мамашева тастыктады.

Жолугушуу бүгүн, 27-июлда саат 18:00гө белгиленген.

Депутат айым жолугушууда эмне маселелер талкууланат азырынча белгисиз экендигин айтты. Ал эми президенттин маалымат катчысы бул боюнча үн ката элек.

Буга чейинки жолугушуу 21-июлда «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн.