Экономика министринин орун басары: «Кемпир-Абад суу сактагычы стратегиялык объектилердин тизмесине кирбейт»

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад суу сактагычы стратегиялык объектилердин тизмесине киреби же жокпу сурады.

«Бул объект жок»,- деп жооп берди Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов.

«Ал эми Токтогул суу сактагычы?»- деп сурады депутат. Министрдин орун басары Токтогул суу сактагычы кирерин айтты.

«Эмне үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы жок?»,- деп сурады Масалиев, бирок Асылкуловдон жооп болгон жок.