«Экөө бир баланы сүйүп жүргөн». Ошто 5-кабаттан боюн таштаган окуучулардын мындай кадамга барган себеби айтылды

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Ош облусунда 5-кабаттан секирген окуучу кыздар тууралуу маалымат берилди. 

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова Ошто катталган факты боюнча маалымат берди. «Бул бала секирип кеткен. Экинчи жолу 2 кыз секирип жатат. Бир баланы эки кыз сүйүп жатат. Бала сүйүүсүнө жетпей секирип кеткен. Бул тергөөдө аныкталып жатат. Ал эми тиги эки кыз баланы сүйүп жүрүп, биз да анын аркасынан секирип кетебиз деп ушул жолго барып жатат», — деди ал.

Ошондой эле ата-энелер арыз жазуудан баш тартканы маалым болду.

17-мартта Ошто көп кабаттуу үйдөн эки окуучу кыз боюн таштап жиберип, бири мүрт кеткени маалым болгон. Ошол эле үйдөн 24-февралда окуучу бала боюн таштап, каза болгон. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, эки окуядагы үч окуучу тең Карл Маркс атындагы мектептин 7-классында билим алып келишкен.