Экс-депутат Исмаил Исаков суракта экени маалым болду

Экс-депутат Исмаил Исаков суракта экени маалым болду. Анын ысымы да президентке жолдонгон кайрылууда бар эле.

Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.