Мурдагы депутат Исхак Масалиев BBC’ге берге комментарийинде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу экенин айтты.
«Буларды мурунку эки киши (Атамбаев — Жээнбеков) менен салыштырып болбойт. Алар тойдо, төрдө бириккен. Булар камакта, кыйынчылыкта биригип, көп чоң окуяларды чогуу башынан өткөрдү. Менимче, булар ажырабайт, дос болуп кала берет. Балким бирөө четке чыгып, экинчиси калышы мүмкүн. Бирок булар бири-бирине каршы сүйлөй албайт. Туруктуу, түбөлүктүү саясат эч качан болгон эмес. Саясатта эртеби-кечпи пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бирок фундаменталдуу түрдө дос болуп кала берет. Кабарым боюнча, азыр деле экөөнүн ортосунда анча-мынча каршы пикир, талаш бар. Бир тууган болбогон соң талаш болот да. Буга чейин деле болгон. Мурун мен депутат кезде экөө менен тең чогуу иштеп калгам, билем. Бирок учурда ар ким өз ордун тапты, бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасап жатат. Булар касташып, мушташканга чейин бара албайт».
Президенттик шайлоонун жакындап келатканы коомдо чоң кызыгуу жаратты. Көптөр кийинки президент ким болоорун алдын ала жоромолдоп, «Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев саясий аренада кантип позицияларын сактап катат?» деген суроону узаткандар дагы жок эмес.
«Менин баамымда, келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду. Максаттуу ошого бараткан болушу мүмкүн. Саясатта мындай нерсе болот. Ташиев канча жолу «мага президенттиктин кереги жок» деп айтты. Бирок адам канчалык мага керек эмес деген нерсе ошончолук керек болуп чыгат»,- деди мурдагы депутат Исхак Масалиев.