Экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков сурактан чыгышты

Экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков ИИМден сурактан чыгышты. Ахматбек Келдибековдун айтымында, сурак президентке жолдогон кайрылуу боюнча болгон.

«Кайрылуунун автору кагаздын биринчи бети алмаштырылганын, андай маалымат жазылбаганын айтты. Фамилиялардын жоктугу, тексттин өзгөргөндүгүн айтты»,- деди Келдибеков. 

Ал эми Исмаил Исаков бул өзүм билемдик, мыйзам бузуу экенин айтты. Мындан тышкары, ал мындай иш шайлоо менен байланышы бар деп эсептерин билдирди.

Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.