Экс-муфтий Максат Токтомушев УКМК тарабынан кармалды

Бүгүн Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын башчысы кызматынан кеткен Максат Токтомушев УКМК тарабынан кармалганы маалым болду.

Эске салсак, УКМК тарабынан буга чейин аталган башкармалыктын эсепчиси кармалган болчу. Ал коопсуздук кызматынын кызматкерлерине ири көлөмдө пара берүүгө аракет кылганы айтылган. Муфтияттын тегерегиндеги бул чуулгандуу иштер ажылык сапарды уюштуруудагы коррупцияга байланыштуу экени айтылып жатат.