Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, депутат Замирбек Мамасадыков маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүү, ошондой эле саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлердин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кыйла натыйжалуу катышуусуна көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошентип, конституциялык мыйзамдын долбоору шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.
Сотто акталган Токмоктун мурдагы мэри жаңы кызматка дайындалды
Соттон акталган Токмок шаарынын мурунку мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек...