Экс-муфтий Максатбек Токтомушев: «Пайызга берүү арам, бирок мыйзамсыз эмес»

«Пайызга берүү арам, бирок мыйзамсыз эмес».  Бул тууралуу мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда муфтияттын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен тартылган делген видео тараган эле. Анда Максатбек Токтомушевге окшош адам да көрсөтүлгөн.

Экс-муфтийдин айтымында, пара берип жаткандай кылып айыптап көрсөтүү — бул шантаж.

«Мага байланыштуу видеонун таркап кетиши чоң окуянын кичинекей үзүндүсү. Ошол жерде менин пара берип жаткандай кылып айыптап көрсөтүүсү — бул шантаж. Бул тескерисинче, УКМКнын кызматкерлеринин пара алууга мажбурлоо деп эсептелет. Азыр тергөө иштери жүруп жатат. Мунун баары буткөндөн кийин мен сиздерге кенен айтып берем. Кыргыз эли буга ишенбейт.

1 миллион 300 миң доллар депозитке коюлган деп коркутуу менен, провакация аркылуу маселелерди биз чечип беребиз, чоңдор менен сүйлөштүк алар болсо макулдугун берди, бирок «өтө ири сумма экен» деп менен башкы эсепчини коркутуп, оорусуна да карабай түнкү саат 12ге чейин УКМКда кармап туруу – жакшы эмес. Анын кант диабети, кан басымы бар эле.  Менин ага «канча акчаны пайызга берсең ошол акчаны кайра алып келип кой» деп айтканым чын. Анткени пайызга берүү бул арам нерсе. Бирок мамлекеттик мыйзамдарга каршы иш эмес», — деди ал.