Экс-президент Сооронбай Жээнбеков сурактан чыкты

Бүгүн, 18-сентябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болгон. Ал сурактан чыкканын ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Сооронбай Жээнбеков УКМКда болжол менен 3 сааттай болду. Сурак «Кумтөргө» байланыштуу экени да айтылды. Буга чейин ал 12-августта да сурак берген.

Бирок УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.