Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы көз жумду

Мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы Тазабек Сарпашев көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ал оорудан улам каза тапкан. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-сентябрда Токтогул шаарында өтүп жатат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.