Кылычбек Султан «Даңк» медалы менен сыйланды

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Экс-министр, экс-элчи, «Супер-Инфо», «Супер.кг», SuperTV, СЕРЕП МЕДИА ММКларынын негиздөөчүсү, учурда Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, министрдин кеңешчиси Кылычбек Султан «Даңк» медалы менен сыйланды.

Маалымат үчүн: «Даңк» медалы менен мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.