Элчи Кыргыз жарандарын Украинадан убактылуу чыгып кетүүгө чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов мекендештерди Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу коопсуздук коркунучунан улам Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын башка аскердик жана административдик мекемелеринин жанына барбоону суранды.

«Украинанын аймагына келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп турууга, ал эми Украина аймагындагы тургундарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырам»,— деди ал.