Элчи Украинадан эвакуация болгон Кыргыз жарандары кайра келип алганын, бомбалоодо чыгарып кеткиле деп жатышканын билдирди

Элчи Идрис Кадыркулов Украинадан эвакуация болгон Кыргыз жарандары кайра келип алганын, бомбалоодо чыгарып кеткиле деп жатышканын билдирди. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Эки өлкөнүн аскердик кагылышуусунан улам жаз-жай мезгили биздин жарандарыбызды эвакуациялоо менен коштолду. Жумушубуздун басымдуу бөлүгү дал ушул эвакуация болгон. Мындай иш чарага албетте аз эмес мээнет жана материалдык чыгымдар да коротулган. Натыйжада жалпысынан миңден ашуун жарандарыбыз Украинадан чыгарылып, 50гө чукул адам бул жерде калган. Эки өлкө ортосундагы аскердик кагылышуу токтоп, жашоо өз нугуна түшкөнчө эвакуацияланган жарандарыбызды бул жерге кайтпай туруусун өтүнгөнбүз.

Тилекке каршы ошол кезде эвакуацияланган айрым мекендештерибиз кайра келип алышты. Азыр биздин жарандардын жалпы саны 140га жетти (арасында үй бүлө мүчөлөрү — Кыргыз жараны эместер дагы бар).

10-октябрда ракеттик-бомбалык соккулар күчөгөндө кээ бири эми кайтадан “бизди бул жерден Кыргызстанга чыгарып кеткиле” дешүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.