Элчилик: «6-октябрда «Шереметьево» аэропортуна конгон бардык Кыргыз жарандары чек ара пунктунан өтүштү»

6-октябрда Кыргызстандан «Шереметьево» эл аралык аэропортуна учкан бардык Кыргыз жарандары чек ара пунктунан өтүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

7-октябрда Кыргызстандан «Шереметьево» эл аралык аэропортуна эртең менен үч рейс болгон, акыркысы саат 09:42те конгон, анын жүргүнчүлөрү мамлекеттик чек араны кесип өтүшкөн. 1 жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынганы билинген. «Чет өлкөлүк жарандардын Орусияга баруусуна карата күчөтүлгөн текшерүү чаралары башка чет мамлекеттердин жана Кыргызстандын коңшу өлкөлөрүнүн жарандарына дагы жүргүзүлүп жатат. Элчиликтин кызматкерлери Орусиянын чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, Кыргыз Республикасынын жарандары менен дагы жолукту», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чек ара кызматынын текшерүүсүнөн улам 100гө жакын Кыргыз Республикасынын жарандары «Шереметьеводо» турганы маалым болгон.