Элчилик: «Кытайдан Кыргызстанга келчү вакцина 20-июнда эле даяр болгон. Ошондон бери Пекиндеги аэропортто турат»

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Кытайдан Кыргызстанга бөлүнүп берилген акысыз вакцина боюнча үн катты. Билдирүү аталган элчиликтин сайтына жарыяланды. Маалыматка караганда, 150 миң дозадан турган коронавируска каршы вакцина 20-июнда эле жеткирүү үчүн дайындалган болчу жана вакциналар ошол боюнча Пекин шаарындагы аэропортто ЮНИСЕФтин учагын күтүп жатат.

«Сүйлөшүүлөргө ылайык, бөлүп берилген вакцинаны өлкөгө алып келүү кыргыз тарапка жүктөлгөн. Кыргыз тараптын айтымында, ЮНИСЕФ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок Кытай тарапка вакцинаны качан алып кетери боюнча так күнү айтыла элек. Кытай коңшулаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилесинде кыргыз тарапка коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө колдоо жана жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр жана Кытайдан бекер бөлүнгөн вакциналардын Кыргызстанга мүмкүн болушунча эртерээк жетишин каалайт», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин өкмөттүн жыйынында экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров калкты коронавирус инфекциясына каршы тез арада эмдөөнү сунуштаган. «Бүгүнтөн тартып, дүйнөнүн кайсы жери болбосун, вакцинаны учак менен алып келели», — деген эле ал.