Элчилик Москвадагы мигранттардын массалык мушташынын себебин айтты

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада тажиктер менен кыргыздардын ортосунда массалык мушташ эмнеден чыкканын айтты. 

10-июлда социалдык тармактарда, анын ичинде WhatsApp аркылуу тез жардам унаасы менен кыргызстандык жаштардын тобу ооруканага жаракаты менен жеткирилген видео, сүрөттөр тараган. 

Маалыматка караганда, окуяга чейин бильярд клубунда белгисиз адамдар Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кетишкен. Факт боюнча экспертиза дайындалган. Окуянын катышуучулары элчиликке чакырылып, окуя боюнча түшүндүрмө беришкен. Ар кандай аша чабуулардын алдын алуу максатында жабырлануучулар кыргыз жарандарына кайрылып, чагымчылдыкка алдырбоо, сабырдуулукту жана Орусиянын Федерациясынын мыйзамдарын сактоону өтүнүшкөн.

«Ушул кайрылууларга карабастан, айрым жарандар тарабынан учурдагы кырдаалды активдүү талкуулоо башталды. Социалдык медиа топторунда белгисиз адамдар элдерди Москвадагы Кузьминки метросуна чогулууга үндөп, ушул менен кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда улуттар аралык жаңжалды козуткан», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Мигранттардын кагылышуусунун алдын алуу үчүн, бул маалымат Орусиянын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгына токтоосуз жеткирилген. «Бирок көрүлгөн аракеттерге карабастан, түнкү саат 12лер чамасында агрессивдүү мигрант топторунун ортосунда чоң кагылышуу болду. Жалпысынан жаңжалга 180дей адам катышкан”, — деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Укук коргоо органдары жаңжалдын 103 катышуучусун кармашкан, анын 72си Кыргыз Республикасынын жарандары. Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилигинин консулу өлкөнүн кармалган жарандарына укуктук жана башка колдоо көрсөтүү үчүн полиция бөлүмүнө барган.

«Орусия аймагында чыр-чатактардын алдын алуу максатында элчилик жарандар арасында туура эмес жана деструктивдүү маалыматтарды жайылтпоо боюнча жигердүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат», — дешти элчиликтен.