Элчилик Орусияга барууну каалагандарга орус вакцинасын алууну сунуштады

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусияда жумушка орношууда кыйынчылык болбошу үчүн Орусиянын вакцинасын алууга чакырды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

«Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, 10-июндан тартып Тышкы иштер министрлиги, тышкы соода жана инвестициялар Кыргыз Республикасынын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттер тарабынан таануу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүүдө. Вакцинация жөнүндө Кыргыз Республикасынын сертификаттарынын үлгүлөрү, аларды Орусия Федерациясынын аймагында таануу жөнүндө өтүнүч менен дипломатиялык каналдар аркылуу Орусиянын ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлдү. Бул маселе элчилик тарабынан жыйындарында көтөрүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.

Орусия тараптын маалыматы боюнча, кыргыз тараптын кайрылуусу учурда Кыргызстандын тиешелүү компетенттүү органдарында каралып, эмдөө боюнча сертификаттарын таануу процедурасы аягына чыга элек. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Орусияда чет элдик сертификаттардын бири дагы тааныла элек.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Орусия Федерациясына жумушка орношууда жана QR-коддорун алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, Элчилик Орусияга иштөөгө барууну көздөгөн мекендештер үчүн бара турган өлкөсүндө тастыкталган орусиялык препараттарды алуусу максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттерде таануу боюнча иштер Тышкы иштер министрлиги, тышкы соода жана инвестициялар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы боюнча улантылат.