«Элден чогулган акча операцияга жетти». Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыкты (фото)

«Маданияттын мыкты кызматкери», актёр Нуржаасын Жумагулов Түркияда бөйрөгүн алмаштырган ооруканадан аман-эсен чыкты. Бул тууралуу актёр социалдык баракчасына жазып чыкты.

— Ошентип тагдырдын жазмышына көнүп башка салган сыноону көтөрдүк. Кудайдын кудурети, элибиздин ак батасы, дубасы, апакемдин энелик сүйүүсү менен дартты жеңип келатабыз. «Дартты берген дабасын да берет» деген чын экен. Кең пейил, боорукер элимдин көмөгү менен эртеңки күнүмдүн жарыгы жанды. Ар бириңиздерге терең таазим! Ар бир секунд сайын сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Ошол мага дем болду, жараатыма эм болду.
Чогулган акча толугу менен операцияга жетти. Андан сырткары дарылануубузга жетчү каражатыбыз бар. Бул акчалар ар бириңиздердин маңдай териңиздер менен табылган жана ак дилиңиздер менен чогулган. Ар бириңиздерден Алла Таалам ыраазы болсун! Сиздерге Аллахым эки эселеп берсин!
Атам көрбөгөн жерге келип өмүрүмдүн бүлбүл жанган жарыгын жарыктандырып, шаңына шаң кошуп кетүү мүмкүнчүлүгүн алыптырмын. Операциянын ийгиликтүү өтүшүн камсыздаган бардык доктурларга таазим кылам! 

1-август күнү ооруканадан чыктык. Эми август айы көзөмөлдө болуп турабыз», — деп жазган актёр.

Эске салсак, июнь айында Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёру Нуржаасын Жумагулов эки бөйрөгү жабыркаганын билдирип, бир бөйрөгүн алмаштыруу үчүн коомчулуктан жардам сурап кайрылган.