«Өз аймагын жакшы билишет». Ысык-Көлдө элдик кошуун милицияга жардам берүүдө

Учурда ыктыярдуу элдик кошуундардын 355 өкүлү коомдук жайларда тартипти камсыз кылууда, милиция кызматкерлерине жакындан жардам беришүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү — бул өзүнүн жашоосунда активдүү позициясы бар, өзүнүн жашаган жеринде элдин коопсуздугун камсыз кылууну эӊсеген жарандар. Элдик сакчылар жашаган жериндеги кырдаалды жакшы билишет жана коомдук тартипти бузган адамдар жөнүндө дагы кабардар. Ар дайым милициянын аймактык өкүлдөрү менен бирдикте коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка чыгышып, ар кандай укук бузууларды аныкташып, ага бөгөт коюу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келишүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өткөн 300дөн ашуун иш-чарага коомдук тартипти сактоого элдик сакчылардын 1316 өкүлү тартылган. Ыктыярдуу элдик кошуундарынын мүчөлөрү 116 укук бузуу фактыларын аныктоого көмөктөшүшкөн, анын ичинен 46 фактысы боюнча Бузуулар жөнүндө кодексинин 81 (коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү) беренеси менен протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган. Алар 12 кылмыштын жана 56 жоруктун бетин ачууга катышкан.