Электр энергиясы өчүрүлгөн учурда 1209’га чалыңыз. 24 саат бою иштейт

Электр энергияны керектөөнүн өсүшү, жабдуулардын ашыкча жүктөм менен иштешине алып келди. Ал эми ашыкча жүктөм электр энергиянын кыска мөөнөткө өчүрүлүшүнө себеп болду. Буга байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиянын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана калыбына келтирүү иштерди көзөмөлдөө максатында Бишкек электр тармактар ишканасынын Чыгыш РЭТине жана Чүй электр тармакар ишканасын текшерип чыкты.

Мындан тышкары ал «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Call-борборунун ишинин жүрүшү менен таанышты. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын колл-борбору электр энергиясын максималдуу керектөө күндөрү күчөтүлгөн режимде иштейт. Операторлор абоненттердин чалууларына күнү-түнү жооп беришет. Мындан тышкары WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү кабыл алышат. Акыркы бир нече күндө NEGK колл-борборуна чалуулар кыйла көбөйдү. 13-декабрда 3050 чалуу, 1780 WhatsApp билдирүүсү түшүп, бардык суроолорго жооп берилди.

Электр энергиясы авариялык өчүрүлгөн учурда суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: NESK 24 саат бою иштеген Call Center — 1209, WhatsApp 0556 00-12-09.