Электр энергиясына тариф боюнча долбоор кайра каралды

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өткөн айда электр кубатына жаңы тарифтерди сунуштап, долбоор коомдук талкууга коюлган. Эми долбоорго өзгөртүүлөр киригизилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Коомдук талкуу учурунда көптөгөн сунуш-пикирлер түштү. Көпчүлүгү быйыл электр жарыгын кымбаттатпоону өтүнүүдө. Президент Садыр Жапаров дагы эл үчүн 2021-жылы тарифти сактап берүүнү сунуштады»,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам сунуштарды эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыкты:

Калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;

Бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт.

Насос станциялары: