Электр жарыгы өчүрүлө турган болсо, абоненттерге маалымат берилмей болду

Кыргызстандын улуттук электр тармактар ишканасы мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берет. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингден билдиришти.

«Катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө. Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш-чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдайт», — дешти.

Аномалдуу суук аба ырайына байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырат.