Электр унааларына жашыл түстүү номурлар тагылып, жеңилдиктер каралышы мүмкүн

Бүгүн, 4-сентябрь айрым мыйзам актыларга жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул туууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан ары жашыл номурлуу унаалар жана жашыл техникалык паспорту бар үйлөр үчүн жеңилдиктер каралат. Бул долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген.

Марлен Маматалиев белгилегендей, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу үчүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү пайдаланууда жеңилдиктер каралган мыйзам долбоору сунушталган. Алсак электр унааларына жашыл түстүү номурлар тагылат. Мындай унаалардын ээлери үчүн жеңилдиктер каралган.