Самокаттарды айдоо боюнча эреже коомдук талкууга коюлду

Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Ал мыйзам долбоордун демилгечиси — депутат Марлен Маматалиев.

Демилгенин максаты — электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу мобилдик каражаттарды эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында болжол менен 30 миңдей самокат бар жана саны күн сайын өсүп жатат.

Электросамокат айдагандар үчүн сунушталган эреже:

Атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал жок болгон учурда бараткан багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;

Караңгыда жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же көрүүгө мүмкүн болбой калуучу башка шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн аларды жарык чагылдыруучу предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;

Ижарага берип иштегендер ижарачыларга жол эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, самокатын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;

Эгер самокаттын техникалык абалынын начардыгы жол кырсыгына себеп болсо, анда жоопкерчилик ижарага берген тарапка жүктөлөт.

Электросамокаттарды ижарага берүү пунктулары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен атайын бөлүнгөн жерлерде ачылат. Ошондой эле бийлик учурдагы жолдордон жаңы жолдорду курууда жана оңдоодо электросамокаттар үчүн атайын тилке бөлүп берүүгө милдеттендирилет.