«Элим үчүн баатыр болдуң, ыраазымын». Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Нурислам Карыбеков көз жумду

Тажикстандын кол салуусунда каза болгон чек арачы Нурислам Карыбековдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жакындары билдиришти.

Нурислам Карыбеков 2003-жылы Сузактагы Октябрь-2 айылында туулган. Ал өткөн жылы аскерге кеткен. Анын үйүнө кайтышына 10 күн калган. Ал 4 бир туугандын эң улуусу болчу. «Элим үчүн баатыр болдуң, ыраазымын», — дейт ыйлаган эне.