Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот?

“COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатын” онлайн алуу сервисинин жардамы менен жарандар коопсуз жана онлайн режиминде вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты ала алышат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ал үчүн vc.emed.gov.kg расмий сайтынын “Сертификат” бөлүмүнө кирип, төмөнкү маалыматты терүү жетиштүү.

Кыргызстандын жарандары үчүн персоналдык идентификациялык номер, ID-картанын сериясы жана номери.

Чет элдик жарандар үчүн паспорттун номери жана аты-жөнү.

Сертификат pdf-форматында, индивидуалдуу белгиленген QR-код менен чыгарылат.

Электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок.