Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилеби? Министрликтин жообу

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөргө О! мобилдик оператору 10 гб интернет берет. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Ооба, О! оператору 10 гигабайт интернет бонус катары берет. Ал эми соода түйүндөргө, тамактануучу жайларга арзандатуу боюнча маалыматым жок»,— дешти алар.

Буга чейин бир нече ЖМКлар министр Алымкадыр Бейшеналиевге шилтеме берүү менен соода түйүндөргө, тамактануучу жайларга арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазып чыгышкан.