Эмгек министри Базарбаевдин ооруканага жаткырылганы маалымдалды

Министр Кудайберген Базарбаев 20-декабрда Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Базарбаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен жана ага чейин бир аз ооруп жүргөн.