Эмгек мигранттары үчүн Орусияга кирүү эрежелери өзгөрдү. ИИМден түшүндүрмө

Ички иштер министрлиги Орусияга ишке орношуу максатында барган Кыргыз жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы «Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

Орусия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;
Орусияга барган 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;
медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек. Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусиянын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.