Эмгек министри: «Чет элдик жарандардын кара жумушка иштөөсүнө квоталарды бергенге аргасызбыз»

Бүгүн, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик жана кыргыз жарандарынын ортосунда башаламандык орун алып, бир нече жаран жабыркады. Мындан улам кыргызстандыктар чет элдик жарандардын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда. “Кабар” агенттиги бир катар суроолор менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатыровага кайрылды.

— Чет элдик жарандар менен жергиликтүү жаштардын ортосундагы чыр чатактан улам, алар алектенип жаткан жумуш орундарын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган пикирлер айтылып жатат. Сиздер мигранттарга жумушка квота берүү менен алектенесиздер, аталып жаткан Индия, Бангладеш жана Пакистандан келген канча жаран иштөөгө уруксат алышкан?
— Эмгек министрлиги элди жумуш менен камсыз кылуу, ошондой эле башка өлкөлөрдөн жумуш иштөөгө келген чет элдиктерге квота берүү менен дагы алектенет. Өткөн жылы 20 миңден ашык бош жумуш орундары бар эле, 2024-жылдын май айына карата 6 538 жумуш орундары бош турат. Өткөн жылы мамлекеттик телеканалдардын жардамы менен кайсы жумуш орундары бош, кандай кесип ээлерине муктаждык бар экенин айтып каалоочуларды жумушка чакырганбыз. Тилекке каршы биздин жарандарыбыз кара жумуштарга иштөөгө көп умтулушпайт экен. Тигүү цехтери, курулуш иштеринде жумушчулардын тартыштыгы азыр деле бар. Биздин жарандар көп учурда туруктуу иштебейт. Мисалы, тигүү цехтерине иштеп, үйрөнүп алгандан кийин өз алдымча ачам деп кетип калышат. Анысына деле каршылык жок, көпчүлүгү жумушка өз убагында келбейт, айлык маянасын алган күнү 2-3 күнгө жоголушат. Той-топур, туулган күнгө деле суранып кетишет. Ал эми бизнес ээлерине жумушчулардын туруктуу иштөөсү маанилүү. Туруктуу иштебей, акчасын алгандан кийин кетип калгандардын айынан канчалаган ишкерлер банкрот болушат. Ошого байланыштуу чет элдик жарандардын кара жумуштарга иштөөсүнө квоталарды бергенге аргасызбыз.
— Канча чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат алган жана алар жумушуна кандай мамиле жасашат?
— Жалпысынан 5322 чет элдик жумушчуларга иштөөгө тиешелүү уруксаттар берилген. Андан тышкары Кыргызстанга келип билим алгандар бар. Алар Бангладештен 950, Пакистандан 18077, Индиядан 23593 студент окуйт. Жеке бизнес ээлери чет элдиктер жумушуна так, өз убагында келип, айрым учурларда коюлган графигинен дагы ашыкча иштей турганын айтышат. Биздин жарандарыбыз көпчүлүгү Орусия жана башка кошуна өлкөлөргө иштөөгө кетип, азыр туруктуу жайгашып алышкан. Кыргызстанга кайтып келип иштөө сунуштарыбыз дайым жоопсуз калат. Кыргызстанда жумуш орундары көп, жогоруда айткандай 6 538 жумуш оруну бош турат, иштегенге жумушчу жок.
Биздин дагы жүз миңдеген, керек болсо миллиондогон жарандарыбыз башка элде, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт. Адам бар жерде проблема, уруш-талаш, пикир келишпестик болот экен. Анын кесепетинен чыр чатактар чыгат тура. Ошондуктан түндөгү болгон окуяга сабырдуулук менен мамиле кылсак. Биздин жарандарыбыз, бир туугандарыбыз дагы чет элде уруш-жаңжалдарга туш болот. Башкаларга кызуу кандуулук менен мамиле кылуудан алдын, биздин дагы бир боорлорубуз бөлөк элде мусапыр болуп жүргөнүн эске алсак.
— Чогулгандар «чет элдиктер чыгып кетсин» деген талап коюп жатышат…
— Чогулгандардын арасында чыр-чатак чыгып, башаламандык болуп кетсе деп көздөгөн чагымчылдар дагы аралап кетишти. Алыста отуруп алып, интернет аркылуу улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрү менен отко май чачып, маашырланып, тамаша кылып карап отургандар дагы бар. Тиешелүү органдар аларды аныктап жатышат. Бизде ансыз дагы жумушчу күчү жетишсиз, аларды айдап жиберсек анда майда ишканалардан тартып, ири кирешеге чыгып, мамлекеткее салык төлөп жаткан ишканаларга, жеке бизнес ээлерине терс таасирин тийгизет. Өндүрүш токтойт. Бул мамлекеттин экономикасына олуттуу зыян алып келет.