Эмгек министрлигинде жүргүзүлгөн аудитте 36 миллион сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер катталды

Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтып, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун, финансылык тартиптин сакталышын жана бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүнүн тууралыгын баалоого багытталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан маалымдашты.

Аудиттин жыйынтыгында тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын талаптарына шайкеш келбеген бир катар финансылык тартип бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Жалпысынан 36 млн 560,3 миң сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер катталган. Анын ичинен 11 млн 225,4 миң сом бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү бузууларга туура келет. Аудит жүргүзүү учурунда көрүлгөн чаралардын негизинде 2 млн 12,4 миң сом өлчөмүндөгү бузуулар жана кемчиликтер калыбына келтирилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эсепти жүргүзүү тартибинин толук сакталбагандыгы, негизги каражаттарды кириштөө тартибинин бузулушу, ошондой эле айрым материалдык баалуулуктардын бухгалтердик балансында чагылдырылбай калган учурлары аныкталды. Мындан тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө тартибинде мыйзам талаптарынын толук сакталбагандыгы, ошондой эле бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу фактылары белгиленди. Аудит учурунда бухгалтердик эсепке байланыштуу айрым кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча аудит субъектисине аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.