Эми кафе жана ресторандарда тамеки жана кальян чегүүгө болбойт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган. Документтин максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын реализациялоо.

«Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу,  тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат», — деп айтылат маалыматта.