Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт менен бөлүшүп, өлкөдөгү мектептердин кире беришинде «Билим ордосуна кош келиңиздер» деген жазуу илингенин жазып жатышат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда «мектептердин кире беришинде эми жалаң «Билим ордосуна кош келиңиздер» деген жазуу болот» деп жооп беришти.











[15.02, 22:10] dilmuratkaliltegin: Ордо — эзелтен бери келе жаткан кыргыз оюндарынын бири. Ордо деген сөз «хандын тагы» же «хандын сарайы» дегенди түшүндүрөт. Оюнда бийликти алуу үчүн күч сыналат.
Sputnik
Ордо аскердик картадай элестетилген, анын жардамы менен аскерлер душмандарды жеңгенди үйрөнүшчү. Жерге тартылган тегерек чийин мамлекеттин жерин билдирчү, каршылаштар ага карап согуштун планын ойлонушчу. Ханды согуу өлкө башчыны тактан түшүрүүнү туюндурат. Оюндун жүрүшүндө ички саясатты туура башкаруу өнөрү камтылат, тегерек чийиндин ичинде бийлик жүргүзүүдө кылдаттыкты сактоо керек.
[15.02, 22:10] dilmuratkaliltegin: Ордо – 1) түрк тилдүү элдерде орто кылымдардагы уруу төбөлүнүн, кол башчысынын, бектин жана кагандын (хандын) байтактысы, борбору. Ордо көчмө (убактылуу) же туруктуу түрдө болгон. Көчмө ордо боз үйдөн же аба ырайынын шартына жараша алтын саймалуу ак чатырдан турган, коштун ортосундагы ыңгайлуу же бийик (көрүнөө) жерге тигилген. Мындай ордо аскер жүрүштөрүндө же бир жерден экинчи жерге журт которууда ыңгайлуу болгон. Туруктуу ордо согуштук-саясий жактан маанилүү шаарларда орун алган. «Ордо» сөзү «борбор» маанисин туюнтат (мисалы, Ордо Балык – «Борбор шаар», «Алтын ордо» – «Алтын борбор» ж. б.); 2) Орто Азиядагы байыркы шаарлардын аталышы. Балыкооздун санжырасында кыргыздардын Сыр-Дарыянын жээгине он эки капкалуу Ордо шаарын («Ороздун ордосу») кургандыгы, ошондой эле Ал-Макдиси боюнча Талас, Чүй сууларына жакын аймакта он эки дарбазалуу ордо (Урду) шаары жайгашкандыгы, Махмуд Кашгариде Баласагуни шаарынын тегерегинде ордо (Орду) шаары болгондугу эскерилет.