«Эмне үчүн Украинада өлүшү керек?». Депутат Орусиянын абактарындагы Кыргыз жарандарын экстрадициялоону талап кылды

Кыргыз жарандары мыйзам боюнча чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышат албайт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламент жыйынында айтты.

«Орусиянын түрмөлөрүндө 1 миңден ашуун кыргызстандык жатат. Алардын алдынын сөөгү Украинадан келе баштады. Абдан чоң трагедия. Азыр апалар Орусиянын абагында жаткан балдарынын дайынын таппай жатат. Башкы прокуратура менен Жогорку Сот жаза мөөнөтүн өтөө үчүн Кыргызстандын абактарына экстрадиция кылуу аракеттерин күчөтүү керек. Эмне үчүн биздин жаран ошол жактагы согушта өлүшү керек», — деди ал.