Эмне үчүн оору жуктургандын саны кескин көбөйүүдө? Министрликтин жообу

Соңку 12 күн ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүп жатат, бул төртүнчү толкундун башталганын билдирет. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.

Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек менен Ошто катталууда. Акматованын айтымында, оору жуктуруп алгандардын санынын кескин жогорулашы Жаңы жылдык майрам жана мигранттардын мекенине кайтып келишине байланыштуу. «Адамдарга майрамга чогулушту, корпоративдер болду», — деди ал.

Министрликтин өкүлү жарандарды вакцина алууга, бардык санитардык талаптарды көзөмөлдөөнү, оорунун белгилери байкалары менен изоляция болууга чакырды.