Эмне үчүн Ысык-Көлдө пакистандыктар көп экенин ИИМ түшүндүрдү

Пакистандыктардын Кыргызстанда болушун туроператорлор камсыздайт. Кээ бир компаниялар туристтерин мейманкана менен камсыздай албай, Ысык-Көл облусундагы пансионаттарга жайгаштырды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 7-сентябрда Жогорку Кеңештин транспорт комитетинин жыйынында билдирди. 

«Ички иштер министрлигинде келген туристтердин саны боюнча маалымат бар. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Туристтер бул жерде акча коротушарын, ошону менен жергиликтүү тургундарга жардам берерин эске алуу керек. Алар өлкөгө ПЦРдин анализи терс болуп кирип, бардыгы вакцина алышкан. Алар жергиликтүү тургундар менен эч кандай чатакташкан эмес. Ошондой эле бардык адамдардын террордук уюмдарга катыштыгы текшерилүүдө», — деди ал.

Анын айтымында, виза мөөнөтү аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыга башташат. «Эгерде алар кала турган болсо, анда чыгаруу жоопкерчилиги Ички иштер министрлигине жүктөлгөн»,- деп кошумчалады ИИМдин жетекчисинин орун басары.