Эң көп никелешүү Ош облусуна туш келсе, ажырашуулар боюнча Бишкек биринчи орунга чыкты

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айларында 19 миң 498 жуп расмий никеге катталышты. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти. Аймактарга бөлүп эсептегенде, эң көп никелешүү Ош облусуна туш келет. Беш айдын ичинде бул аймакта 4092 жуп үйлөнгөн. Эң көп ажырашуулар Бишкекте катталды. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген.

2020-жылы күчүнө кирген «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча каттоосуна карабай, каалаган жеринде никеге туруп, ажырашууну да каттата алышат. Расмий маалыматтарга караганда, ажырашуу фактылары жылдан жылга көбөйүүдө. 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ге жетип, 561ге арбыган.