Эне жүрөгү. 2 айга камакка алынган Ырыс Жекшеналиевдин апасы уулу отурган унаанын жолун тороп…

Кечээ, 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.

Соттун чечиминен кийин Ырыс Жекшеналиевдин апасы ал отурган унаанын жолун торогон. Ал уулу СИЗОго жөнөтүлгөнгө чейин аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү гана суранды. Бирок ага уулу менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. 

Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.