Энергетика министри: «22:00гө чейин жылуулук берилет деп пландап жатабыз»

Азыр акырындык менен шаар ичиндеги жылуулук температурасын көтөрүп жатабыз. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

«Кечки саат 22:00гө чейин штаттык режимде иштеп калат деп пландап жатабыз. Жетишпеген тетиктер, бригадалар бар», — деди ал.